ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫТ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ – адам ж-а айбанаттардын айлана-чөйрөдөгү хим. дүүлүктүргүчтөрдү кабылдоо мүчөсү. Көпчүлүк омурткасыздарда жалпы эле хим. сезүү мүчөсү болот. Курт-кумурскалардын кабылдагыч кылдарында жайгашкан жыт сезгичтери бар. Көп сүт эмүүчүнүн мурдунун жыт сезүү бөлүгү мурун сөөгүнүн жардамчы кечиринин эсебинен чоңойгон. Адамдын Ж. с. о. мурун көңдөйүнүн жогорку-арткы каңылжарында орун алган. Ж. с. о. балыктарда жуп мурун чуңкуру, моллюскаларда осфрадия түрүндө болот. Ж. с. о-нын милдетин, аларда жайгашкан ийик сымал жыт сезгич рецептор клеткалары аткарат. Ал клеткалар коёндо 100, адамда 10 млнго жакын болот.