ЖЭЭК 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыш­так. Жээк айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 800 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бе­кети Кант ш-нан 7 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-ж. негизделген. Калкы 875 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мез­гилиндебаатырларчакурманболгон,ушулкыш­такта туулган каарман пионер Кычан Жакы­повго эстелик тургузулган ж-а мектепте музейи уюштурулган.