ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК БЕКИТҮҮЧҮ КУРУЛМА – көлмө жээк­терин суу толкуну ж-а агымы, муз басымы ж. б. жаратылыш факторлорунун талкалоочу ара­кеттеринен сактагыч. Ж. б. к. суунун агымы м-н өз ара аракеттенишүү түрү б-ча төмөндөгүдөй бөлүнөт: активдүү – суу агымынан сайроон­дорду ж-а жээктеги шилендилерден сактайт (дарыяларда – туурасынан кеткен жөнгө са­лынуучу тосмолор, агымды багыттагыч кал­канчтар; деңизде ж-а көлдө – шиленди тосуучу дамбалар, толкун баскычтар) ж-а пассивдүү – суу агымына туруштук бере турган бышык констр-лар (деңизде – толкун тоскуч дубалдар, ири блоктор ж-а фигуралуу массивдер; дарыя­ларда – таш тосмолор, бетон ж-а темир-бетон такталар).