ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН – түрк элдеринин оозеки чыгармаларындагы чечендик ж-а акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжыргалуу каарман. Ж. ч. окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-к.) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын тактоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин өмүр баяны, ата-теги ж-дө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кылды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу Жаныбек хандын ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хандын каарына калып, куугунтукка алынган тарыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фольклору б-ча Ж. ч. Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын замандашы болгон. Ж. ч-дин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке барып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калгандыгынан ачык көрүнөт. Ж. ч. окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы ж-дө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалыматта Кыпчак талаасындагы (Дешт-и-Кыпчак) Жаныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» колдоого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагылдырылат. Ж. ч. нускалуу сөздөрү м-н калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келе жатат.
Ад.: Радлов В. В. Образцы народной литературы северных тюркских племён. СПб. (1886–1872–1906), Ч. I, IV, VII; Казак ертегилери. Алматы, 1962. Т. I, III; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; Потанин Г. Н. Очерки Северо-Западной Монголии. – Вып. II. 1881; Кебекова Б. Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф., 1982; КР УИАнын Кол жазмалар фонду, инв. ¹809, 378, 5516, 1640, 1021 ж. б. Б. Кебекова.