ЖҮГӨН
ЖҮГӨН – ат жабдыктардын бири; жетектеп жүрүү үчүн ат башына катылуучу жабдык. Ж. ооздуктан, суулуктан, тизгинден, чылбырдан, сагалдырыктан, көкүл бастыргыч бөл үк тө рдөн т ур ат . Ж-дүн өрмө ж-а кайыма (кайыш) түрү болгон. Өр мө Ж. и чке т ал-т ал т и - линген кайыштардан 5, 7, 13 өрүм болуп, кайыма Ж. эки элидей жазы тилинген эки кат кай ышт ан че т т е р и ичке көк, тарамыш же кайыш м-н кайылып жасал ган.
Өрмө Ж. эркек мин-

ген атка, кайыш
Ж. аял минген атка катылган. Кайыш Ж-дүн оңтой ж-а урунт жерлери күмүш, жез купалар м-н кооздолгон. Аларга ар кандай оймо-чийме салынып, бермет-шурулар чөгөрүлгөн. Суулуктун эки тогоосуна тизгиндин эки учу бекитилип, аттанар жагына кайыш же кыл чылбыр байланат. Кежигеси тогоо м-н биригип, аттын башынын өлчөмүнө карата узартылып ж-а кыскартылып турат. Катылган Ж. шыпырылбас үчүн уз. 30–35 смдей алкым сагалдырык тагылат. Ооздук м-н Ж. чагарак аркылуу бекитилет.