ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮК ТАШУУЧУ АВТОМОБИ́ЛЬ – түрдүү жүк­төрдү ташып жеткирүүчү автомашина. Немис инженери Г. В. Даймлер 1896-ж. кубаттуулугу 3 кВт болгон тасмалуу кыймыл өткөргүчтүү ал­гачкы Ж. т. а. ойлоп чыгарган. АКШда Ж. т.

Чиркегичтүү магистралдык автомобиль.

а-ди чыгаруу болжол м-н 1896-ж., ал эми Рос­сияда 1932–33-ж. башталган. Адегенде жүктөр жакын аралыкка ташылып, алыска т. ж. ар­кылуу жеткирилген. Кийинчерээк контейнердин пайда болушу м-н Ж. т. а. алыс аралыктарга колдонула баштады. Азыркы Ж. т. а. бир же

БелАЗ-7540.


кошмо констр. түрүндө жасалат. Кузовунун (ча­нагынын) түрү б-ча жалпы арналыштагы ж-а атайын болот. Кошмо констр-да бир же бир нече чиркелме сүйрөгүчкө атайын жасалган чиркеш­тиргич аркылуу кошулат. О. эле атайын жа­салган Ж. т. а., мис., рефрижераторлор – бат бузулуучу азыкты, өтө кубаттуу болгон өзү төккүч автомобилдер чубурма материалдарды, ал эми цистерналар суюктук ташуу үчүн колдо­нулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү б-ча төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт: өтө аз – 1 тга чейин, аз – 1–2 т, орточо – 2–5 т, чоң – 5 тдан өйдө.