ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ – жүндүн өтө кыска бөлүктөрүн ж-а андагы кошулган ар кандай башка заттарды бөлүп алууга арналган машина. Бул машина чыкканга чейин жүн эки болот тарактын жардамы аркасында кол м-н таралган ж-а тытылган. Биринчи жүн тарагыч машина 1827-ж. ойлонуп табылган. Жүн тытуу үчүн тытуучу 2 же 3 барабаны бар машина колдонулат. Мында жүндү тытуу, тазалоо ж-а тытылган жүндөн шоона чоюп, аны түрүү процесси аткарылат, к. Жип ийрүүчү машина.