ЖҮРӨК АСТМАСЫ
ЖҮРӨК АСТМАСЫ – жүрөктүн иштеши начарлагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. Ж. а. миокарддын инфаркты, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гипертония оорусу ж. б-дан болушу мүмкүн. Ж. а. канды сол карынчадан толтого түртүү начарлаганда болот деп божомолдонот. Физ. ж-а психикалык күч келүүдөн приступ кармашы мүмкүн. Ал көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, башын көтөрүп турууга мажбур болот. Деми кыстыкканы улам күчөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муздак тер басып, териси кара көк тартат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. Ж. а. оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан, тез дарылоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатып отургузуп, терезени ачып, таза аба м-н дем алдыруу зарыл, мүмкүн болсо кычкылтек жаздыкчасы аркылуу дем алдырып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында башталса, натыйжалуу болот. Ж. а-нын алдын алуу үчүн жүрөк ишин начарлатуучу ооруларды өз убагында ж-а системалуу түрдө дарылоо зарыл.