ЖӨЖӨЛҮҮ КУШТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨЖӨЛҮҮ КУШТАР – жөжөсүн жумурткадан чыгары м-н ээрчитип багуучу куштар. Жумуртканын 35%ин сарысы ээлеп, аны түйүлдүк азык катары пайдаланат. Мындай жумурткадан чыккан балапан жакшы көрөт ж-а угат, денеси калың тыбыт м-н капталат. Дароо басып же чуркап жүрүүгө жөндөмдүү болуп, көпчүлүгү жумурткадан чыкканда эле өз алдынча азыктана баштайт. Ж. к-га көбүнчө кургакта ж-а сууда жашоочу канаттуулар – кыр төшсүздөр, гагара сымалдар, тоок сымалдар, тинаму, каз сымалдар, каркыра сымалдар ж-а көпчүлүк маарак түспөлдөр (чулдуктардын бир тукуму) кирет.