ЖӨКӨ ДАРАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨКӨ ДАРАК (Tilia) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар катарындагы жөкө дарактар тукумунун уруусу. Жалбырагын күбүмө, бийикт. 15–16 мге (айрымдары 40 м) жеткен дарак.

Жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги араадай тилкелүү. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу, аары, гүл
чымыны ж. б. курт-кумурскалар чаңдаштырат.
Топ гүлү – калкандай же чачыдай. Мөмөсү – жаңгакча, шамал, о. эле
т ый ын чычк ан, айрым куштар таратат. Ж. д. 150, кээде 500 жылга
чейин өсөт. Түн. жарым шардын мелүүн, бир аз субтропик зоналарында 50, КМШ
өлкөлөрүндө 17 түрү өсөт. Кырг-нда жашылдандыруу ж-а кооздук үчүн өстүрүлөт. Гүлү дары катары ж-а чайга, шарапка жагымдуу жыт берүү үчүн кошулат. Жыгачынан идиш, фанера, муз. аспап ж. б. жасалат.