ЖӨНДӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨНДӨГҮЧ (р е г у л я т о р) – автоматтык жөндөө системасынын негизги бөлүгү. Бул түзүлүштө башкаруунун максаты, башкарылуу­чу объектинин учурдагы абалы жөнүндөгү маалы­маттардын негизинде башкаруу таасири иште­лип чыгат. Алгачкы жөндөгүч 18-кылымда жасалган. Алар Ж. Уайттын борбордон четтөөчү ж-а И. И. Пол­зуновдун калкымалуу жөндөгүчтөрү. 20-кылымдын орто чендеринде өндүрүштүк теорияларды башкаруу үчүн ар кандай типтеги өндүрүш жөндөгүчтөрү курул­ган. Азыр өндүрүштө, микропроцессордук тех­никанын негизинде курулган жөндөгүчтөр, өнөр жайында, машина куруу тармактарында электр энергия­сынын негизинде иштөөчү; ал эми жер астында кен казуу өндүрүшүндө өрт, жарылуудан сакта­нуу үчүн суу-аба жөндөгүчтөрү колдонулат.