ЖӨНӨКӨЙЛӨР
ЖӨНӨКӨЙЛӨР (Рrotozoa) – бир клеткалуу жаныбарлар тиби. Ж-дүн клеткасы бир бүтүн организмдин кызматын аткарат. Көпчүлүк Ж. өтө кичине болгондуктан, микроскоп м-н гана көрүүгө болот. Дене түзүлүшү тоголок, нур сымал симметриялуу (радиоляриялар), эки жактуу симметриялуу (инфузориялар), айрымдары симметриясыз ж-а формасыз (амёба) болот. Ж. убактылуу пайда болуучу жалган буттар (амёба), шапалакчалар (шапалактуулар), көп сандаган кирпикченин (инфузориялар) жардамы м-н
кыймылдайт. Денеси цитоплазмадан ж-а бир же бир нече ядродон турат. Цитоплазмасында бардык клеткалардагыдай органоиддер болуп, алар өзүнө тиешелүү кызмат аткарат, андан тышкары атайын кызмат аткаруучу органоиддер да кездешет, мис., жалган буттар, шапалактар, кирпикчелер. Цитоплазма мембрана м-н курчалган, ал эктоплазма ж-а эндоплазмадан турат. Ж. өз алдынча азыктанууга, жылып жүрүүгө, душманынан коргонууга жөндөмдүү. Чөйрөнүн ыңгайсыз шартына туш келгенде, сыртынан чел м-н капталып, цистаны (кыймылсыз, азыктанууга, көбөйүүгө жөндөмсүз абалды) пайда кылат. Ж-дүн азыктануусу фагоцитоз, пиноцитоз, диффузия же осмос басымынын негизинде жүрөт. Буларда азыкта-

нуунун автотрофтуу ж-а гетеротрофтуу эки түрү белгилүү. Көбөйүүсү жыныссыз (митоз жолу м-н бөлүнүү) ж-а жыныстык (коньюгация, копуляция) жол м-н жүрөт. Керексиз заттар жыйрылткыч вакуолдор аркылуу сыртка бөлүнөт. Ж-дүн 7 тиби (саркомастигафорлор, микроспоридиялар, инфузориялар ж. б.), 40 миңдей түрү белгилүү. Ж. биздин планетада кеңири таралып, бардык чөйрөдө кездешет. Алардын көпчүлүгү башка денеде жашоого ыңгайланып, 3 миңге жакын түрү – адам м-н жаныбар мителери. Ж-гө жалган буттуулар, инфузориялар, шапалактуулар, споралуулар класстары кирет. Кээ бири киши, мал, өсүмдүк ж-а жапайы аң айбанаттарынын мителери, о. эле оору козгогучтар. Ж-дүн кээ бир түрү (амёба, инфузория) ген., биохим., биофиз. изилдөөлөрдө пайдаланылат. Ж-дү изилдөөчү илим – протозоология.