ЖӨӨ АСКЕРЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨӨ АСКЕРЛЕР – согушта душманды талка­лоо, анын аймагын басып алуу ж-а өзүнүн ай­магын коргоо үчүн дайындалган кургактагы ас­кер түрү. Ок атуучу ж. б. курал-жарак колдо­нуп, аскерлердин башка түрү (танктык аскер­лер, артиллерия) м-н бирдикте жөө же күжүрмөн машиналарда согушат. Ж. а. КР армиясынын басымдуу бөлүгүн түзөт.