ЖӨӨК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖӨӨК – соко ж. б. шайман м-н салынуучу арыкча. Көп тиштүү соко м-н жер айдаганда соконун акыркы тиши өткөндөн кийин бир гана ачык жөөк калат. Сугат дыйканчылыгында жөөк салуу ж-а чигит эгүү бир мезгилде жүргүзүлөт. Жөөктөп сугаргандан кийин өсүмдүктүн катар аралыгы жумшартылат. Суу агуучу жөөк топурактын өзгөчөлүгүнө, жердин эңкейишине, өсүмдүктүн катар аралыгына жараша туурасы 25– 50 см, тереңдиги 15–20 см, узундугу 100–200 м болот.