ЖӨӨК САЛГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨӨК САЛГЫЧ – асма айыл чарба шайманы; ал ай­доо аянттарга, саздак жерлерге тереңдиги 20– 50 см, эни 10–25 смге чейин убактылуу жөөк салууга ж-а кайра тегиздөөгө арналган. Жөөк салгычтын негизги тетиктери: рама, канал казгыч, жөөк салгыч, тегиздегич, автоматтык илиништиргич, гидравликалык система, кыймыл өткөргүч ме­ханизм. КБН-0.35А маркасындагы жөөк салгыч пахта ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу үчүн жөөк салууда ж. б. кеңири пайда­ланылат. КМШ өлкөлөрүндө БН-300, КБН-0,35А ж. б. маркасындагы жөөк салгычтар чыгарылган. Ал Т-28Х4М, МТЗ-80Х, «Беларусь» тракторлоруна чиркелет. Тетиктер трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Саатына 5 кмге чейин жөөк салат.