ЗАМБИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАМБИЛ – 1) жүк ташылчу чарбалык шайман. Замбилдин сокмо жана такта түрү бар. С о к м о замбил узундугу 2 м чамалуу эки жарыш таяктын (арасы 80– 100 см), ортосуна чырпыктардан чуңкурча кы­лып тыгыз токулат, т а к т а замбил жарыш таяк­тардын ортосуна тактай кагылып жасалат. 2) Дарылоо мекемелеринде оору же жарадарлар­ды ташуу үчүн колдонулуучу шайман с а н и­т а р д ы к замбил (носилка) деп аталат.