ЗЕРГЕР (Өзгөн районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕРГЕР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Зергер айыл өкмөтүнө караштуу. Зергер суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1323 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 30 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 71 км. Калкы 1430 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.