ЗЕҢГИ БАБА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕҢГИ БАБА – элдик ишенимде уйдун колдоочу пири, ээси. Диний түшүнүктө Зеңги баба жылоологон адамдын уюнун тукуму көбөйүп, бай болот. Бул түшүнүк кыргызга өзбек менен тажиктерден оошуп келген болуу керек. Уламыш боюнча Зергер баба (өзбекче Заңги ата) XIII кылымда Ташкент аймагында жашаган «олуя» жана уйчумандардын «пири», Орто Азияга белгилүү эшен Арстанбаптын небереси болгон имиш.