ЗОЛДОР
ЗОЛДОР (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү коллоиддик системалар. З-дун дисперстик фазасынын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катмары м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймылына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө тегиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, орг. чөйрө болсо органозоль деп аталат. Органозолдор чөйрөнүн хим. курамына жараша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пирозолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун натыйжасында катуу З. пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрө нүн бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү б-ча дисперстик системалар лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, а. и. гидрофобдуу З. термод. тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гуляцияга жөндөмдүү дисперстик система болушат. Лиофилдүү З-дун дисперстик фазасы, дисперстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай З. агрегаттык жактан туруктуу ж-а термод. тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү З-го самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдору, кээ бир орг. пигменттердин, боёктордун гидрож-а органозолдору кирет. Ал эми металлдардын гидрож-а органозолдору лиофобдуу З. болуп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар аэрозолдор деп аталат.