ЗЫКИНА Людмила Георгиевна
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫ́КИНА Людмила Георгиевна (10. 6. 1926‚ Москва –1. 7. 2009, ошол эле жер) – орус ырчысы, СССР эл артисти (1973). М. Е. Пятницкий атындагы орус элдик хорунун‚ 1951-жылдан Бүткүл союздук радионун‚ 1960-жылдан Москонцерттин солисти.

1977-жылы Гнесиндер атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайын бүткөн. Зыкина – белгилүү көп ырлардын (Долуханян, «Рязань мадонналары»; Пономаренко, «Оренбург жоолугу »; Фрадкин, «Волга агат» жана башкалар) чебер аткаруучусу. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө‚ анын ичинен Кыргызстанда гастролдо болгон. Лениндик (1970), РСФСР мамлекеттик (1983) сыйлыгынын лауреаты. Эки Ленин, Ыйык Андрей Первозванный, «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.