ИБЛИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБЛИС , ш а й т а н – адамдарды жолдон чыга­рып азгырган, Алланын буйругун укпай, ага душман болуп, бейиштен куулган периштенин аты. Куранда айтылган боюнча (7-, 11-, 12-, 13-, 14-сүрөөлөрдө) Алла периштелердин адамга моюн сунуусун талап кылса, оттон жаралган иблис ылайдан жаралган адамга сыйынуудан баш тарткан. Алла иблисти түбөлүк каргышка коюп, бейиште текебердик кылуу ылайык эмес деп, аны асмандан айдап, тозоктун азабын тартуу­ну буюрган. Иблис Алладан өз жазасын өтөөнү кыяматка чейин калтыруусун өтүнөт. Алла­нын ырайымын алгандан кийин иблис адамдарды, жиндерди жана динге дили олку-солкуларды аз­гырууга киришет. Иблис өчүн алуу үчүн Адам Ата менен Обо Энени азгыруудан баштайт. Ал жы­ландын кейпин кийип алып, бейиштеги Адам Ата менен Обо Энеге келип, жакшылык менен жа­манчылыкты айырмалоо үчүн Алла тыюу сал­ган бейиш багынан алма үзүп, жеп көрүүгө көндүрөт. Алла Адам Ата менен Обо Энени бул күнөөсү үчүн жазалап, бейиштен айдап чыккан. Ошондон бери иблис адамдарды азгырып, түз жол­дон чыгарып келет.


Т. Өмүрова.