ИБРАГИМОВ Эркин

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАГИМОВ Эркин Кайбылдаевич (31. 7. 1927-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – ветерина­рия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). КАЧИни (1951), ошол эле институттун аспирантурасын (1955) бүтүргөн. 1956-жылдан ошол эле институтта доцент, кафедра башчысы (1978–91), 1974–83-жылдарда проректор болуп иштеген. 1983-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде профессор. 1995-жылдан мен­чик ветеринардык-практикалык пункттун башчысы болуп иштеген. Уйдун тукумсуздугунун себептерин ж-а аларды алдын алууну изилдөө, койду жа­салма уруктандыруу боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монография, 2 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Уйлардын гинекологиялык дарттары. Б., 1993; Справочник ветеринарного врача (в соавторстве). Б., 1994; Ветеринария негиздери. Б., 1995.