ИБРАЕВ Бообек
ИБРАЕВ Бообек (19. 3. 1935, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы – 6. 7. 2000, Бишкек) – режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). Ташкенттеги А. Островский атындагы театр жана көркөм өнөр институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн (1961).

Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында (1961–1962), Тянь-Шань облустук музыкалык драма театрында (1963–1971), Кыргыз мамлекеттик драма театрында (1971–1981), Оштогу өзбек музыкалык драма театрында (1981–1982), Ысык- Көл кыргыз драма театрында (1982–1987), 1987-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген. Ибраев режиссёр катары театр сахнасында К. Жантөшевдин «Курманбек», Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым», «Жамийла», Б. Жакиевдин «Алтын аяк», «Миң кыял», «Күттүргөн жаз да келер», Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», М. Каримдин «Ай тутулган түндө», Ж. Садыковдун «Айкөл Манас», «Сейтек», «Манастын уулу Семетей», Т. Касымбеков, К. Сактановдун «Курманжан датка» жана башка

көптөгөн чыгармаларды койгон. Б. Брехттин «Өлөрман эне жана анын балдары» драмасын биринчилерден болуп кыргызча сахналаштырган. Медалдар менен сыйланган.