ИБРАИМОВ Абыт

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Абыт [1. 1. 1948-жылы туулган, Ош облусу, Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Алайкуу айы­лы] – биология илимдеринин доктору (1985), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери. КММИни (1970), СССР МИАнын генетика институтунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Кыргыз кар­диология ИИИде (1996-жыл­дан М. М. Миррахимов атындагы УКТБ) ассистент, лаборатория башчысы. Адам генетикасы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 моногра­фиясы, 4 ойлоп табуусу бар. Көптөгөн эл аралык илимий коом­дордун мүчөсү.

КРдин Жогорку Кеңешинин «ле­гендарлуу» парламентинин (1989–94) ж-а ки­йинки чакырылышынын (1995–2000) депутаты.

Эмг.: Кыргызы и их генефонд. Б., 1992.