ИБРАИМОВ Осмонакун

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Осмонакун (5. 1. 1954-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кан-Коргон айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1991), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2003).

КМУну бүтүргөн (1978). Кыргызстан жазуучулар союзу­нун экинчи секретары (1988), КРдин Президентинин ад­министрациясында бөлүм башчы (1992), КРдин Прези­дентинин басма сөз кат­чысы (1992–96), КРдин ви­це-премьер-министри (1993– 96), КРдин Индия, Бангла­деш, Непал ж-а Шри-Ланка мамлекеттериндеги атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси (1996–99), КРдин мамлекеттик катчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КРСУнун ж-а Ататүрк-Ала-Тоо университетинин про­фессору. «Адабий классиканын азыркы өмүрү» аттуу биринчи китебине (1982) дүйнөлүк ж-а орус классикасынын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которуу маселелерин козгогон изил­дөөлөрү ж-а Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы адам концепциясына арналган макалалары топ­толгон. «Көз караш» деген ат м-н 1984-жылы жа­рык көргөн экинчи жыйнагында 1970–80-жыл­дардагы кыргыз поэзиясындагы лириканын идеялык-эстетикалык абалын сынга алган курч талаш макалалар орун алган. Анын адабият таа­нуудагы негиздүү изденүүсү кайра куруу мезги­линде ж-а эгемендүүлүк алгандан кийин бөтөнчө орчундуу мааниге ээ болгон тарыхтын «актай барактарына» багытталган. 1920–50-жылдарда­гы кыргыз профессионал поэзиясынын жаралы­шына ж-а өнүгүүсүнө «История кыргызской со­ветской лирики» деген монографиялык изил­дөөсү арналган (1991-, 2000-ж. басылып чык­кан). Ушул эле эмгегин кийинки басылышын­да жаңыча, эркин көз карашта кайрадан иш­теп чыгып тоталитардык коомдун саясий­идеологиялык шартында «көз жарган» жазма поэзия­ны, ага илимий көз караштын пайда болуусун, кыр­гыз поэзиясынын түптөлүү ж-а өсүп-өнүгүү жо­лун илимий жактан кеңири ж-а терең талдоого алган. Ибраимов III даражадагы Манас ордени м-н сый­ланган (2003).


Эмг.: Современная жизнь литературной классики. Ф., 1982; Көз караш. Ф., 1984; История кыргызской советской литературы (авторлош). Ф., 1984; История и поэзия. Б., 2000.


Ж. Медералиева.