ИБРАИМОВ Султан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБРАИМОВ Султан [20. 9.1927, Чүй району, Ал­чалы (азыркы Ибраимов) айылы – 4. 11. 1980, Чолпон-Ата шаары, сөөгү Бишкекке коюлган] – мамлекеттик ж-а партиялык ишмер.

Фрунзе гидромелиора­ция окуу жайын (1949), Ташкент айыл чарба, ирригация ж-а механикалаштыруу ин­женерлер институтун (1955) бүт­көн. Чүй райондук сугат систе­масы башкармасында гидро­техник, Кыргыз ССР ИАнын суу чарба институтунда кен­же илимий кызматкер (1955– 57), Кыргызстан КП БКнын ин­структору (1957–59), Кыргызстан КП Аламүдүн райкому­нун 2-секретары (1959–61), Кыргыз ССР суу чарба ж-а мелиорация министри (1961–66), Кыргызстан КП БКда секретарь (1966–68), Кыргызстан КП Ош обкомунун 1-секретары (1968–78), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иш­теген (1978–80). СССР Жогорку Советинин (8– 10-чакырылышынын) депутаты. СССРдин, анын ичинде Кыргызстандын жалпы экономикасын өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Эки Ленин, Октябрь Рево­люциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери, ме­далдар м-н сыйланган. Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине ысмы берилип, Кыргыз мам­лекетин негиздөөчүлөрдүн аллеясына эстелиги орнотулган (1998).

Ад.: Шарипова С. Белые лебеди в чёрный день. Б., 1996.