ИВАНОВ Мстислав Борисович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВ Мстислав Борисович (3. 1. 1924-жылы туулган, Кострома шаары) – Даңк орденинин толук кавале­ри. 1942-жылы августта Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Воронеж, Талаа ж-а 2-Украин фронтторунда салгылашкан. Курск салгы­лашына катышып, Украи­на, Румыния, Венгрия, Авст­рия ж-а Чехословакияны душмандан бошотушкан. Согуш майданында көрсөт­көн

эрдиги үчүн 3- ж-а 2-да­ражадагы Даңк ордендерин (1944, 1945) алууга татык­туу болгон. Загорск-Быст­рица (Украина) кыштагынын

жанында душмандын негизги күчүн калкала­ган отрядды талкалап, 69 гитлерчини туткунда­ганы үчүн 1946-жылы 15-майда 1-даражадагы Даңк орденин алган. Иванов 1950-жылы А. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Кыргызстанга жиберил­ген. 1950–79-жылдарда Кыргыз ССР геология башкарма­лыгында инженер-геолог болуп эмгектенген. 3- даражадагы «Манас», Кызыл Жылдыз, 1-, 2- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.