ИВАНОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВА́НОВКА – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Ивановка айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 750 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кант ш-нан 21 км чыгыш тарапта. Ивановка т. ж. бекетинен 6 км. Кыштак 1890-ж. негизделген. Калкы 15 512 (2007). Жоопкерчилиги чектелген ж-а мамл. АКлар, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк врачтар тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто ж-а 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.