ИВАНОВКА КУМ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАНОВКА КУМ КЕНИ Ысык-Ата районунда, Ивановка кыштагынан 8 км түштүк тарапта, Ысык- Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 780– 820 м бийикте. 1970–1971-жылы чалгындалган. 3 участ­кадан турат. Кен аймагын антропогендин кум­шагылдуу аллювий чөкмө тектери түзөт. Кум­дун өңү боз, саргыч боз. Курамында кварц 70%, талаа шпаты 23%, слюда 0,5%ке чейин. Ивановка–1 жана Ивановка–2 участкаларындагы кумду «100» маркасындагы силикат кирпичи­не, Ивановка 3 участкасынын кумун бетонго жана курулуш шыбактарына пайдаланууга болот. Запасы В+С – 15165 миң м3, 1997-жылга карата баланстагы запасы: В – 2153 миң м3, В+С– 9305 миң м3. Кен карьер түрүндө казылып, Ивановка жана Бишкектеги кыш заводдоруна жиберилет.