ИДЕЯ (адабият таанууда)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИДЕ́Я а д а б и я т т а а н у у д а – жазуучунун же акындын көркөм чыгармада берейин деген ой-максаты. Көркөм чыгарманын идеясы образдар системасынын бирдигинде берилет. Жазуучу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу м-н чектелбестен, өзүнүн идеалы катары анын чечилишин берет, мамилесин билдирет, баалайт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесинин идеясы – алыстагы согуш апаатынын атасын таптакыр көрбөгөн ооруктагы балага тийгизген таасири.