ИЕРОГЛИФ
ИЕРО́ГЛИФ (гр. hierjs – ыйык жана glyphe – оюлган нерсе, белги) – 1) кандайдыр бир нерсенин сүрөтү (мисалы: адам, айбанат, жаратылыш жана башка) түрүндөгү графема. Сөз муун жазууларында (мисалы: египет жазуусу, кытай жазуусу) көп кезигет; б. з. ч. 4-кылымда колдонулган египет жазуусунун образдуу сүрөт белгилери. Анын 5 миңге жакын түрү белгилүү. Бирок ар бир доордо андай иероглифтин 800дөйү гана колдонулган. Египет иероглифтеринин төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) египет тилинин үнсүз тыбыштарын туюндуруучу бир айкалыш белгилер (30дай); 2) морфемалардын фонетикалык туюнтмасы катары алынган эки-үч айкалыш белгилер; 3) бүтүндөй бир сөздү туюндуруучу белгилер – идеограммалар; 4) сөз маанилерин тактоочу, көмөкчү идеографиялык. белгилер – детерминативдер. Иероглиф башка алфавиттик эмес жазуулардын белгилери жазмаларда да колдонулат (к. Кытай жазуусу, Япон жазуусу). Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазуусунун, сүрөт түрүндөгү хетт жазуусунун бири сыяктуу белгилери аталат.