ИЙГИЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙГИЧ МАШИ́НА – түрдүү формадагы (такта, профиль, түтүк) сом темирлерди басым астында ийүүчү машина. Негизги түрүнө горизонталдуу, вертикалдуу ж-а ротациялык И. м-лар кирет. Г о р и з о н т а л д у у И. м. (жумушчу куралы горизонталдуу кыймылдайт) сом темир чы­быктарды ысык кезинде штамптоого арнал­ган. В е р т и к а л д у у И. м. (жумушчу куралы вертикаль түрүндө жылат) бычак, ил­мек ж-а кескичтердин сом темирлерин (бир жолу ысытылат), о. эле, башка ири буюмдар – жүргүч винт ж-а балтанын сом темирлерин ысытуу (бир нече жолу) м-н ийет. Бул машинада ийүү, со­зуу, кысуу, жатыктыруу ж. б. операциялар удаа аткарылат. Ротациялык И. м. (жумушчу орга­ны курал м-н чогуу айланат) айлануучу форма­дагы буюмду кысуу ж-а созуу үчүн арналган. Ал эки түрдө болот: алкагы кыймылсыз, ал эми шпиндели айлануучу ж-а шпиндели кыймыл­сыз, алкагы айлануучу. Ийүүчү валдары темир ийүүчү машина м-н прокат станынын ортосун­дагы абалды ээлейт. Штамптоочу машинага караганда өндүрүмдүүлүгү 10 эсе жогору. Гори­зонталь И. м. өндүрүмдүү ж-а универсалдуу бо­луп, ар кандай татаал формадагы ж-а өтө так өлчөмдөгү сом темирлерди жасайт. Универсал И. м-нын 3 ж-а 4 валдуу (ротациялык), ро­ликтүү,айланматраферстүүж-аайланмаүлгүлүү (рычагдуу) түрлөрү болот. 3 же 4 валдуу маши­на такта формадагы сом темирлерди – цилиндр, конус ж-а жаа сымал элементтерди ийүү үчүн колдонулат. Роликтүү машина профилдүү сом темирлерди – шакек ж-а жаа түрүндөгү тетик­терди, ал эми айланма траферстүү машина – такта формасындагы сом темирден тартып, ки­чине радиустуу иймекчелерди ийет. Үлгүсү бар (рычагдуу) И. м-да бурулма стол же үлгү ж-а бекитилген кыскыч ролик болот. И. м. кеме ку­рууда, химия ж-а нефть ө. ж-нда, машина ку­рууда колдонулат.