ИЙНЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЙНЕ – кийим-кече, ар түрдүү кездеме ж-а кийиз буюмдарды тигүүдө, сайма саюуда, өтүк-маасы ултарууда колдонулуучу тиричилик куралы. Алгач И-нин эки гана түрү (кол И., темене) болгон. И. түз ж-а ийилген, узун ж-а кыска, жоон ж-а ичке формада жасалат. Учурда техниканын өнүгүшүнө байланыштуу И-нин түрү көбөйүп, ө. ж. өндүрүшүндө кеңири колдонулат.