ИКОНОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИКОНОГРА́ФИЯ (икона ж-а ...графия) – 1) кан­дайдыр бир сюжеттин же адамдын сүрөткө тартылышын системалуу изилдөө ж-а сыпат­тап жазуу, ошол изилденген сүрөттүн маани­син, символикасын, атрибуттарын түшүндүрүү; 2) белгилүү бир сюжетти ж-а адамды сүрөткө тартуунун канондошкон эрежелери. О. кылым­да диний темада тарткан сүрөтчү И-лык үлгүлөр­дү айныбай ээрчүүгө милдеттүү болгон.


Ад.: Уваров А. С. Христианская символика. СПб., 2001.