ИЛЕ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛЕ – Кытай м-н Казакстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Чыгыш Теңир-Тоодогу Текес ж-а Күнөс д-нын кошулушунан түзүлөт. Уз. 1001 км (Текестин башатынан 1439 км), алабынын аянты 140 миң км2. Жогорку бөлүгү – тоо дарыясы; Каш д-нын чатынан төмөн өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнөт. Капчыгайдан өткөндөн кийин Балкаш түздүгү аркылуу агып, Балкашка куярда дельтаны (аянты 9 миң км2) пайда кылат. Суусунун орт. чыгымы чатында 329 м3/сек, 270 км жогору – 479 м3/сек. Декабрдан апрелге чейин тоңот. Куймалары – Каш, Харгос (оң), Чарык, Челек, Талгар, Каскелең, Курты (сол). Кытайда Кулжа ш-нан тартып, Казакстанда – мамл. чек арадан Баканас пристанына чейин кеме жүрөт. И-ге Капчыгай ГЭСи ж-а суу сактагычы курулган. Сугатка пайдаланылат.