ИЛИМДИН ДОКТОРУ
ИЛИМДИН ДОКТОРУ – илимий даража. Биринчи жолу Болонья (1130), кийин Париж (1231) университеттеринде берилген. 1819-жылдан Россиянын университеттерине киргизилип, 1934-жылдан илимий. кызматкерлерге бериле баштаган. Илимдин доктору даражасын ЖОЖдордун жана илимий изилдөө мекемелеринин өтүнүчү боюнча илимдин кандидаты деген даражасы бар, көлөмдүү илимий эмгектерин жарыялаган жана доктордук диссертациясын эл алдында коргогон илимий кызматкерге Жогорку аттестация комиссиясы (ЖАК) ыйгарат. Диссертация илимге жана илимий практикага маанилүү салым кошкон өз алдынча илимий изилдөөчү болуп, теориялык жалпылоолорду жана айрым илимий маселелердин чечилишин камтыйт. Илимий даражасы илимдин төмөнкү тармактары боюнча берилет: физика-математика, техника, химия, биология, экономика, педагогика, медицина, филология, философия, тарых ж. б.