ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ – илимий даражанын биринчи баскычы. Илимдин кандидаты даражасын жогорку би­лимдүү, кандидаттык минимумдарды тапшыр­ган жана кандидаттык диссертациясын эл алдын­да коргогон жеке адамдарга ЖОЖдордун же илим изилдөө мекемелеринин илимий кеңештери ыйгарат. Кандидаттык диссертацияларды Жогорку ат­тестация комиссиясы (ЖАК) карап чыгат жана бекитет.