ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП)
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП ) – илим м-н техниканын өз ара тыгыз байланышта, бирдиктүү ж-а жаңы багытта ырааттуу өнүгүшү; коомдук, социалдык жаңылануунун негизи. ИТПнин тамыры 16–18-к-да мануфактура өндүрүшү, соода муктаждыгы, деңизде сүзүү практикалык маселелерди теор. ж-а эксперименттик чечүүнү талап кылган мезгилде башталып, 18-к-дын аягында машина өндүрүшүнүн өнүгүшү м-н байланышып, ил.-тех. рев-я м-н аныкталган. Ил. ачылыштар артынан бүтүндөй жаңы өндүрүш тармактары келип чыгат: радиоэлектроника, атомдук энергетика, синтетикалык материалдар химиясы, ЭЭМ өндүрүшү ж. б. Өз кезинде техника илимдин прогрессине түрткү, дем берет, аны так ж-а татаал эксперименттик жабдыктар м-н камсыз кылып, жаңы талаптарды коюу м-н алга сүрөйт. ИТР өндүрүштү гана эмес, коомдун жашоо ишмердигинин көп жактарын (а. ч., транспорт, байланыш, медицина, билим берүү, турмуш-тиричилик сферасы ж. б.) да камтыйт. Илим ж-а техника бирдигинин айкын көрүнүшү – адамзаттын космоско чыгуусу. ИТП коомдук өнүгүүнүн андан ары трансформацияланышын, б. а. маалымат м-н билим-
ге негизделген коомдук жаңы тартипти шарттоодо, к. Маалымат коому.