ИЛЬИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛЬИ́Н Юрий Иванович (12. 07. 1938-ж. т., Россия, Тамбов обл., Жердев р-ну, Ивановка кыш.) – геолог, Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Саратов геол. чалгындоо техникумун (1956), ФПИни (1970) бүткөн. Кыргыз ССР геология башкармалыгынын ¹14 партиясынын геологу (1957–59), Түн. Кырг-н, Сары-Жаз геол. экспедицияларында улук коллектор, улук геолог, отряддын ж-а партиянын начальниги (1959–73). 1973–76-ж. Алжирде иштеп келген.
Геол.-экон. изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а партиянын начальниги (1976–96). Республикадагы курулуш
материалдарынын бири – табигый каптооч таштардын, о. эле алтын ж-а калайдын кендерин ачууга ж-а чалгындоого чоң эмгек сиңирген.