ИЛЬИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬИ́Ч – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыш­так. Ильич айыл округуна караштуу. Ак-Түз суу­сунун ж-а Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңг. 1605 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 37 км түн.-чыгыш тарап­та. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1043 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП иштейт.