ИМАНАЛИЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИМАНАЛИЕВ Таалайбек Мурзабекович (10. 3. 1965-ж. т., Фрунзе) – математик, физика-математика илимд. доктору (2001), дифференциалдык теңдемелер ж-а компьютердик матем. пакеттер б-ча адис. КМУну (1988) бүтүргөн. КМУ-да окутуучу, кафедра башчысы (1997–98), доцент (2003–07), 2001-жылдан колдонмо математика ж-а информатика кафедрасында проф. 2003–07-ж. Пакистан Улуттук ун-тинде проф. болуп иштеген. 80ден ашык ил. эмгеги жарык көргөн. И. – 1985-жылдан шахмат б-ча спорт чебери. Көп жолу эл аралык турнирлерге ж-а олимпиадаларга катышкан.
Эмг.: Метод дополнительного аргумента в теории нелинейных волновых уравнений в частных производных (авторлош). Б., 1995.