ИМАНАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВА Чолпон Азаматовна (1963-ж. т., Фрунзе) – медицина илимд. доктору (1999). КММИни (1987), РМИА педиатрия ИИИде кли­никалык ординатураны бүтүргөн (1990). РКОдо кенже, улук ил. кызматкер, бөлүм башчы бо­луп иштеген. 1998-жылдан Кырг-н Акушерлик ж-а педиатрия ИИИде (азыр Респ. педиатрия ж-а балдар хирургиясы борбору) бөлүм башчы. Педиатрия, аллергология ж-а иммунология б-ча адис. «Биздин балдарга таза аба үчүн» Эл аралык экол. конкурста (Италия, 1993) күмүш медаль м-н сыйланган. 50дөн ашык ил. эмге­ги, а. и. 1 монографиясы бар.