ИМАНДРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
И́МАНДРА – Мурма обл-ндагы көл, Кола ж. а-нын түш.-батышында. Аянты 812 км2. Тереңдиги 67 мге чейин. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон. Батыш жээги булуң-буйткалуу. 140тан ашык арал бар. 3 бөлүктөн турат (түндүгү – Чоң И., ортоңкусу Иокострава И-сы, батышы – Бабин И-сы). Көлгө 20дан ашык суу куюп, Нива д. агып чыгат. Декабрда тоңуп, майда муздан арылат. Суусу өтө тунук (11 мге чейин). Балык кармалат. 1936-ж. Нива д-нда Нива ГЭСи курулгандыгына байланыштуу И. суу сактагычка айланган. Түн.-батыш жээгинде Мончегорск ш. жайгашкан.