ИМАНОВ Капар
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИМАНОВ Капар (1920, Кемин району, Бейшеке кыштагы – 1995, ошол эле жер) – айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).

Пржевальск педагогикалык институтун бүткөн (1941). 1946–69-жылдарда партиянын Кемин, Аламүдүн райкомдорунун секретары, Ивановка, Кант райкомдорунун 1-секретары, 1969–73-жылдарда 22- партсъезд атындагы колхоздун башкармасы. 1955–67-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин,
«Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.