ИРАН-ИРАК СОГУШУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРА́Н-ИРА́К СОГУШУ (1980–88) – Персия булуңунун чөлкөмүндө, о. эле ислам дүйнөсүндө жетектөөчүлүк үчүн Ирак м-н Ирандын ортосундагы күрөштөн улам келип чыккан согуш. Согуштун башталышына Шатт-эль-Араб (персче Арвандруд) д-нын чөлкөмүнө эки тараптын тең эзелтен келаткан өз ара дооматтары шылтоо болгон. 1980-ж. 22-сентябрда Ирак башчысы С. Хусейн чек ара маселесин шылтоолоп, Иранга каршы согуш жарыялаган. Согуш узакка созулган. 1981-жылдан Иран күчүнө кирип, Ирак аймактарын басып алган, бирок толугу м-н өзүнө карата алган эмес. Иракка СССР м-н Франция, Иранга негизинен АКШ ж-а Израиль өлкөлөрү колдоо көрсөтүшкөн. 1988-ж. 20-августта Иран-Ирак жарашуу келишимине кол коюлган. Эки тарап тең согуштан зор экон. зыян тарткан.