ИРГАШЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРГАШЕВ Алмазбек Шүкүрбаевич (24. 07. 1970- ж. т., Баткен обл., Лейлек р-ну, Ак-Булак айылы) – ветеринария илимд. доктору (2005). К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1992), ошол эле ин-ттун аспирантурасын бүтүргөн (1996). 1996- жылдан КААда улук окутуучу, доцент (1998), 2002-жылдан К. И. Скрябин атн. КАУда кафедра башчы, 2006-жылдан КАУнун илим ж-а эл аралык байланыш б-ча проректору. Ил. иштери вет. медицина, жаныбар морфологиясы, онкологиясы ж-а иммунопатологиясы б-ча. 50дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 1 монорграфиянын, 1 патенттин автору.
Эмг.: Койлордун өпкө аденоматозунда шишиктин
өсүшүнүн жана иммундук системанын органдарынын морфофункционалдык абалы. Б., 2001.