ИРИДИЙ
ИРИ́ДИЙ (лат. Iridium), Ir – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. элемент. Платина металлдарына кирет, катар н.
77, ат. м. 192,22. Аты гр. iris – көк желе (туздары ар түрдүү түстө). 1804-ж. англ. окумуштуу О. Теннант ачкан. Жаратылыштагы И. туруктуу эки изотоптун аралашмасынан 191Ir ж-а 193Ir турат. Б. эрүү t 2410°С; кайноо t 5300°С; тыгыздыгы 22,4 г/см3. Жер кыртышында массасы б-ча 1Ч10–7%ти түзөт. И. жез-никель сульфиддүү тоо тектеринде кездешет. И. – күмүш түстүү ак, эң катуу металл. Хим. жактан ж-а коррозияга абдан туруктуу. К-талар, «падыша арагы» да ага таасир эте албайт, щелочтордо да эрибейт. 600°Сде кычкылтек м-н, андан жогорку темпрада F2, Cl2, Br2, S, Se, Te, P м-н аракеттенет.
Кычкылдандыруу даражалары +3,+4, кээде +1,
+2, +5, +6. Окистеринен туруктуулары Ir2O3, IrO3 хлориддеринен IrCl, IrCl2, IrCl3, сульфиддеринен IrS, Ir2S3, IrS2, Ir3S8, комплекстүү бирикмелеринен 3, 4 валенттүү бирикмелери белгилүү. И. жез,
никель, осмийлүү И. концентраттарын иштетүүдөн алынат. И. – платина металлдары м-н бирге асыл металл болуп эсептелет. Платина м-н болгон куймасы электроддорду, физ., хим. ж-а хирург. аспаптарды, саат тетиктерин жасоодо, ө. ж. аппараттарынын сырткы бетин каптоо үчүн колдонулат. Хим. туруктуу идиштерди жасоодо керектелүүчү Pt, Pb куймаларына кошулат.