ИРИМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРИМ , а й л а м п а, а й л а н к ө ч ө к – суунун уюлгуп, айлампа болуп аккан терең жери. Адатта, И-дер эки агым кошулганда, жээкке кирип турган урчукту имерилип өткөндө же дарыя нугунун кескин жайылып кеткен жерлеринде, деңиздерде ташкын, тартылуу толкундарынын ж-а каршы агымдын кошулган жерлеринде пайда болот. Башка тилдерде «ирим» жерлер ирем, ирмок, пучина, омут, заводь, водоворот ж. б. деп аталат.