ИРОНИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРО́НИЯ (грекче eironeia – анткорлонуу, тымызын какшыктоо) – белгилүү бир турмуш көрүнүшүн, адамдын кулк-мүнөзүн тымызын, жашыруун шылдыңдоо, келекелөө. Анын өзгөчөлүгү – жумшактыгы, акырын чымчуу максатын көздөгөндүгү жана каймана, жашыруун боло тургандыгы. Ошондуктан айрымдар иронияны түшүнбөй да калат, анткени анда «керегем сага айтам – келиним сен ук» мааниси берилет. Ирония кеңири маанилүү турмуш көрүнүштөрү жөнүндө да, жекече адам мүнөзү жөнүндө да болот. К. Баялинов каарманына «Чоңмурун» деп, ирониялык ат берсе, Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында лейтенант Таңсыкбаевди Айзаданын ичкич күйөөсү «Сенден көрө базардагы милийса адам»,– деген бир ооз сөзү менен шылдыңдап өтөт.