ИРРАЦИОНАЛИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИРРАЦИОНАЛИ́ЗМ (лат. irrationalis – акылэссиз) – таанып-билүүдөгү акыл-эстин ролун танган же чектеген филос. метод. Болмушту иррационалдык таанып-билүүнүн негизги ыкмалары катары эрк, умтулуу, коркуу, өксүк комплекси ж. б. психол. кубулуштарды атайт. Мис., досту кырсыкта бил дешет. Демек, достун чыныгы жүзүн сезим же акыл м-н эмес, кандайдыр бир турмуштук жагдайда, мис., башка кырсык түшкөндө билүүгө болот.